Барак Обама Далласта болгон салтанатка катышты

Далластагы кол салуу 11- сентярбдан кийинки көп санда полиция каза болгон кол салуу катары каттоого өттү

528374
Барак Обама Далласта болгон салтанатка катышты

АКШнын президенти Обама Далласта  7 -  июль күнү снайперлердин кол салуусу менен каза болгон полиция үчүн өткөрүлгөн салтанатта биримдикке чакырды. Обама : «Үмүтсүздүктү четке кагуу жана каалагандай бөлүнүүчүлүктүн болбогондугун баса белгилөө үчүн бул жердемин»,- деди.

 Луизианада Алтон Стерлинг, Миннесотада болсо Филандо Кастиле аттуу эки кара америкалыктын ак полициялар тарабынан өлтүрүлүшүнө каршы кишилердин митингге чыгышкандарын эске салаган Обама куралдуу кол салуунун эч кандай мыйзамдуулугунун жок экендигин баса белгиледи.

Адилеттик жана жаза тууралуу маселелерди да кабыл алгандыгын белгилеген Обама бул маселелерге «улутчулдук» же «саясий тууралык» катары мамиле кылууга болбой тургандыгын да белгиледи. Салтанаттан кийин  Обама жана вице – президент Жо Байден каза болгон полициялардын үй – бүлөлөрү менен атайын жолугушту. Далластагы кол салуу 11- сентярбдан кийинки көп санда полиция каза болгон кол салуу катары каттоого өттү.



Тектеш кабарлар