Түндүк Корея Түштүк Кореяны коркутту

Түндүк Корея Түштүк Кореяны «от деңизине» айланта турганы менен коркутту.

527377
Түндүк Корея Түштүк Кореяны коркутту

Түндүк Корея АКШ менен аскердик кызматташууга өткөн Түштүк Кореяны «от деңизине» айланта турганы менен коркутту.

Эки өлкөнүн Пхьеньян бийлигине таандык атомдук куралдардын аймак үчүн чоң коркунуч туудурушунун себебинен жарым аралга эң кыска мөөнөттө Аймактык жогорку бийиктиктен абадан коргонуу ракета системасынын (THAAD) жайгаштырыла турганын жарыялаганы, түндүк кореялыктарды ыза кылды.

Түндүк Кореянын расмий кабар агенттигиндеги аскердик маалыматта,«Душмандарыбызды Түндүк Корея элдик армиясынын Түштүк Кореяны от деңизине жана кыйрандыга айландыра турган, аесуз жооп кайтаруу атууларын кыла ала турганы темасмында дагы бир жолу эскертебиз»,деген сөздөргө орун берилди.

Түштүк Кореянын расмий кабар агенттиги Йонхапта орун алган кабарда да мамлекет башчысы Пак Кын Хенин Кытай жана Орусия бийлигине жиберген катка орун берилди.

Пактын маалыматында, «Курула турган ракеталык коргонуу системасы, Түндүк Кореянын тышында кандайдыр бир өлкөнү бутага албайт, кандайдыр бир үчүнчү өлкөнүн коопсуздук кызыкчылыктарын бузбайт»,делди.

Түштүк Кореянын коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында да, «Түндүк Корея, эскертүүлөрүбүздү тоготпостон негизсиз дооматтарын жана ойлонбой кылган кыймылдарын уланта турган болсо, армиябыздын катуу жооп берүүсүнө дуушар болот»,деген сөздөргө орун берилди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест, февраль айында THAADдын толугу менен Түндүк Кореянын коркунучтарына байланыштуу болгонун белгилеп, «Түштүк Кореянын коопсуздугун камсыздоо принцибине турабыз жана бул коргонуу технологиясы мунун бир көрсөткүчү»,-деп айткан.

АКШнын THAAD технологиясын Түштүк Кореяга жайгаштыруу ыктымалдуулугуна Түндүк Кореяга эң жакын өлкөлөрдөн бири болгон Кытай да көптөн бери каршы чыгууда.

Пекин бийлиги, ракеталык коргонуу системасынын аймакка алып келе турган кошумча коопсуздук санааркоолору менен катар «тыңчылык» иштери үчүн колдонула ала турганын айтууда.



Тектеш кабарлар