Орус согуштук учактары Халебде жарандарды бомбалады

Кол салуудан 19 жергиликтүү тургун көз жумду.

526841
Орус согуштук учактары Халебде жарандарды бомбалады

 

Орус армиясына таандык согуштук учактардын Халебдин батышындагы Ибйин аймагына карай кол салуусунда 4ү бала 19 жергиликтүү тургун көз жумду.

Орустардын бомбалоосунан жаралангандардын аймактагы ооруканада дарыланып жатканын сөз кылган жооптуу кызматкерлер, көп сандаган отурукташуу жерлеринин да зыянга учурагандыгын баяндашты.

Ошондой эле орус согуштук учактарынын шаардын Кафр Хамра аймагы менен Анадан жана Хрейтан райондорун да бомбалагандарын белгилешти.

Аты аталган аймак жана райондорго болгон кол салуулардан көп сандаган жаран жаракат алды.

 



Тектеш кабарлар