Тайванда «Непартак» тайфуну

Непартактын Кытайдын Фуцзянь шаарына чейин жетиши мүмкүн экендиги билдирилди.

525739
Тайванда «Непартак» тайфуну

Тайванда таасирдүү болгон жана «Непартак» деп аталган тайфундун айынан 2 киши каза болуп, 72 киши жаракат алды.

Тайфундан жабыркаган аймактарда болсо 15 миңден ашуун киши көчүрүлүп кетти.

Борбору Гаосюн шаарынын 20 километр чыгышы болгон тайфундун шамалынын ылдамдыгы саатына 163 километрге жеткени белгиленди.

Жооптуу кызматкерлер орто күчтөгү тайфун категориясына кирген Непартактын Кытайдын Фуцзянь шаарына чейин жетиши мүмкүн экендигин билдиришти.

Тайфундун себебинен электр жарыгы берилбей Хуалянь жана Тайдун райондорундагы 270 миң үй терс таасир алса, 500дөн ашуун учак каттамынын да жоюлгандыгы маалымдалды.


Этикеткалар: #«Непартак» , #тайфундун

Тектеш кабарлар