Англия жаңы премьер-министрин шайлап жатат
Добуш берүүдө эки аял талапкер алдыга озуп чыкты.
Англия жаңы премьер-министрин шайлап жатат.
Бийликтеги партия жаңы лидерди жана өкмөт башчыны шайлоо үчүн өткөргөн добуш берүүдө эки аял талапкер финалга чыкты.
Ички иштер министри Тереза Мэй же энергетика министри Андреа Лидсом Англиянын жаңы өкмөт башчысы болот.
Бийликтеги партиянын эл өкүлдөрүнүн ортосундагы добуш берүүдө алдыга чыккан эки ысымдын ортосунда 9-сентябрда шайлоо өткөрүлөт.
9-сентябрда партиянын 150 миң мүчөсүнүн добуштары менен белгилене турган жаңы өкмөт башчы, Маргарет Тэтчерден кийинки Англиянын алгачкы аял премьер-министри болот.
Өкмөт башчы Дэвид Кэмерон Европа Биримдигинен бөлүнүү чечими чыккан референдумдан кийин кызматтан кетээрин жарыялаган.
Узак мөөнөт өкмөттө кызмат кылган ички иштер министри Тереза Мэй референдумдун алдында Биримдикте калуу акциясын жүргүзгөн болчу.
Лидсом болсо Европа Биримдигинен бөлүнүүнү жактаган.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.