Израиль жаңы отурукташуу жерлеринин ачылышын бекитти

Беньямин Нетаньяху Иерусалим тегерегинде 800 жаңы турак жайдын курулушуна уруксат берди

523704
Израиль жаңы отурукташуу жерлеринин ачылышын бекитти
trtbosanski-netanyahu-pozvao-grupu-51-da-ne-pouruje-dogov-32269.jpg

Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху Иерусалим тегерегинде 800 жаңы турак жайдын курулушуна уруксат берди. Израиль телекөрсөтүүсу Канал 10дун кабарына караганда премьер – министр Нетаньяху менен коргоо министри Авигдор Либерман Иерусалимтегерегинде 800 турак жайдын курулушу чечимин бекитти. Турак жайлардан 560шы Батыш Шериадагы эң чоң еврей отурукташуу жери болгон Маалех Адимумда, 240 турак жай да Хар Хома отурукташуу жери менен Писгат Зеев отурукташуу жери болуу менен Иерусалим жакындарында курулат.

Батыш Шерианын түштүгүндөгү Кирят Арба отурукташуу жеринде 30 -июнда бир еврей тургунун бычактап өлтүрдү деген негиз менен бир палестиналык өлтүрүлгөн болчу. Окуядан кийин Батыш Шерианын түштүгүндөгү Отинел отурукташуу жеринин жакынында 1 -июлда ким экени белгисиз кишилер тарабынан ок атылып 1 изриалдик каза болуп, эки израилдик жараланган.



Тектеш кабарлар