Иракта кол салуу

кол салууда 70тен ашуун киши набыт болду

523124
Иракта кол салуу

Ирактын борбор шаары Багдаттын киши көп болгон аймактарында жасалган кош кол салууда 131ден ашуун киши набыт болуп, 200 киши да жараланды.

Биринчи кол салуу бомба жүктөлгөн унаа менен Багдаттын негизги соода борбору болгон Карада районуна жасалды. Кол салууда 120дан ашуун киши набыт болуп, 160тан ашуун киши да жараланды. Кыска убакытта борбор шаардын чыгышында граната менен кол салуу жасалды. Бул кол салууда да 20дан ашуун киши каза болуп, 16 киши жараланды. Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ алды. Кол салуулар Ирак армиясынын Феллужени ДЕАШтын колунан толугу менен куткарылды деген маалымат берүүсүнөн бир жумадан кийин жасалды.



Тектеш кабарлар