Эрдоган менен Путин сүйлөштү

Эки лидер сентябрда Кытайда жолугушат

520732
Эрдоган менен Путин сүйлөштү

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу байланышып сүйлөшүштү.

Президенттиктин маалымат булактары сүйлөшүүнүн «абдан жакшы» өткөндүгүн билдиришти.

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Путиндин телефон сүйлөшүүсүндө, Түркия менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин нормалдашуусунун маанилүүлүгүнө токтолушуп, эки тараптуу карым-катнаштарды кайрадан жандандыруу үчүн керектүү кадамдардын ташталышы менен катар аймактагы саясия, экономикалык жана адамзат кризисине каршы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилегендери билдирилди.

Бул учурда Орусиянын президенти Владимир Путин Түркияга карай туризм чектөөлөрүн жоюуга буйрук берди.

Путин соода-сатык байланыштары менен катар, Түркия менен болгон мамилелердин нормалдашуусу темасында өкмөттү милдеттендирди.

Ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин Стабулдагы террордук кол салууга байланыштуу Түркияга көңүл айтты.

Кремлдин билдирүүсүнө караганда эки лидердин сүйлөшүүсүндө терроризмге каршы дагы да жакын кызматташууга муктаждык бар экендиги баса белгиленгенди.

Бул учурда президент Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 4-5-сентябрда Кытайда өтө турган Чоң жыйырмалыктын жыйынынын алдында жолугуушусу пландалууда.



Тектеш кабарлар