Абанын кирдүүлүгүнө байланыштуу адамдардын өлүмү

Абанын кирдүүлүгүнө байланыштуу себептер менен жыл сайын 6,5 миллион киши каза болууда

520118
Абанын кирдүүлүгүнө байланыштуу адамдардын өлүмү

Абанын кирдүүлүгүнө байланыштуу себептер менен жыл сайын 6,5 миллион киши каза болууда. Эл аралык энергетика агенттигинин жарыялаган отчетуна караганда абанын кирдүүлүгү кан басымы, туура эмес тамактануу жана тамекиден кийин адамдын ден соолугу үчүн төртүнчү коркунуч. Абанын кирдүүлүгүнө байланышкан оорулардан улам жыл сайын 6,5 миллион кишинин каза болгондугу белгиленген отчетто энергия секторунда абанын кирдүүлүгүнө бөгөт болуу үчүн керектүү кадамдардын ташталбашы менен бул сандын кийинки жылдарда дагы да артаары  эскертилди. Жабык аянттардын тышында абанын кирдүүлүгүнүн айынан дүйнөдө эрте каза болгон 3  миллион киши саны 2040 – жылга чейин 4,5 миллионго жетери боюнча көз караш билдирилген отчетто өзгөчө Азия өлкөлөрү белгиленди.

Энергия станциялары, завод – фабрикалар жана автомобилдер, ачык аянттарда абаны кирдеткен негизги факторлор катары көрсөтүлүп, жабык аянттардагы кирдүүлүккө болсо эң көп өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө тамак бышырууга жараган стандарт тышы тамак бышыруучу жерлердин жол ачканы белгиленди.

Абанын кирдүүлүгүнүн өзгөчө жакыр өлкөлөрдө маселе катары көрүлгөндүгү белгиленген отчетто чоң шаарларда жашагандардын 80 пайызынын Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму белгилеген стандарттардын астында аба алгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар