Хиллари Клинтон Трамптын экономика саясатын сынга алды

Хиллари Клинтон Огайо аймагынын Коломбус шаарында колдоочулары менен жолугушту

515868
Хиллари Клинтон Трамптын экономика саясатын сынга алды

АКШда боло турган президенттик шайлоодон мурда Хиллари Клинтон Республикачыл атаандашы Доналд Трамптын экономикалык саясаттарын катуу сынга алды. Демократтардын президенттик талапкери Хиллари Клинтон Огайо аймагынын Коломбус шаарында колдоочулары менен жолугушту.

Клинтон Трам пшайлоодон жеңиш менен чыга турган болсо өлкөнүн экономикасын рецессияга жетелей тургандыгын айтты. Хиллари Клинтон Доналд Трамптын  байларды жана фирмаларды  байкоого алган салыктарын түшүрүү убадаларына да каршы чыкты. Трамптын иштеген 120 миллион америкалык үй – бүлөнүн ордуна эң бай 120 миң америкалык үй – бүлөнүн салыктарын түшүрүүнү сунуш кылгандыгын белгилеген Клинтон мунун  киреше бөлүштүрүүдөгү адилетсиздикти дагы да арттырарын айтты.

Доналд Трамп болсо Клинтондун туура айткандыгын белгилеп : «Карызды кантип төлөө керектигин билемин. Азыркы учурдагы байлыгыма  карыз болуу менен жетиштим. Бирок карыз бул өлкө үчүн бир апаат. Обама өлкөнүн карыздарын арттырып жатканда Хиллари муну жөн гана карап турду»,- деди.



Тектеш кабарлар