Индияда муссон жамгырлары

чагылгандын түшүүсү менен көптөгөн киши каза болууда

516068
Индияда муссон жамгырлары

Индиянын чыгышындагы Бихар, Джаркханд жана Мадхья-Прадеш аймактарында таасирдүү болгон муссондук жамгырлар жана борошодон улам 80 киши каза болду. Индия басма сөзү өлкөнүн чыгышындагы Бихар провинциясынын башка аймактарында 53, коңшу аймак Джаркхандда 10 жана Мадхья – Прадеш аймагында 17 кишинин каза болгондугу, ондогон кишинин да жаралангандыгын белгиледи.

Каза болгондордун көпчүлүгүнүн талаада иштеп жатканда  чагылгандын түшүүсү менен каза болгондугу белгиленди.

Бихар аймагынын премьер – министри Нитиш Кумар каза болгондордун үй – бүлөлөрүнө 400 миң рупи компенсация төлөнөрүн жарыялады. Муссон жамгырларынын улануусу менен каза болгондордун санынын артуусунан тынчсыздануулар болууда. Индияда  жыл сайын чагылгандын айынан көп сандаган киши каза болот.



Тектеш кабарлар