Жаңы Зеландия аскерлеринин Ирактагы кызмат мөөнөтү узартылды

Жаңы Зеландия аскерлеринин кызмат мөөнөтүнүн 18 ай дагы узартылгандыгын билдирди

515186
Жаңы Зеландия аскерлеринин Ирактагы кызмат мөөнөтү узартылды

Жаңы Зеландиянын премьер – министри Жон Кей Ирак коопсуздук күчтөрүн машыктыруу менен милдеттүү Жаңы Зеландия аскерлеринин кызмат мөөнөтүнүн 18 ай дагы узартылгандыгын билдирди.

Иракта кызмат кылган 143 Жаңы Зеландия аскердик кызматкери 2018 -  жылдын ноябрь айына чейин аймакта Ирак  коопсуздук күчтөрүн ДЕАШка каршы машыктырууну улантат. Кей  Тажи лагериндеги машыктырунуун бир жылдан бери ийиликтүү жүргүзүлүп жаткандыгын эске салды. Ирак коопсуздук күчтөрүн машыктырууга 2014 -  жылы 10 кишилик аскердик кызматкер менен катышкан Жаңы Зеландия өткөн жылы бул санды 143кө жеткирген.

Австралия жана Жаңы Зеландия аскердик кызматкерлери тарабынан берилген жана Тажи лагеринде улантылып жаткан машыктыруудан 7 миңге жакын аскердин пайдаланып жаткандыгы белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар