Орус учактары Халепти фосфорлуу бомба менен аткылады

Орус учактары жасаган кол салууларда каза болгон же жаралангандардын болуп же болбогондугуна байланыштуу маалымат берген жок

515173
Орус учактары Халепти фосфорлуу бомба менен аткылады

Орусия армиясына таандык аскердик учактар Сирияда Халеп шаарынын түндүк жактарындагы район жана аймактарга «фосфорлуу» бомба менен кол салды. Жергиликтүү булактардан алынган маалыматтарга караганда орус учактарынын фосфор бомбасы менен аткылаганы, Анадан, Хрейран жана Кефр Хамраданда өрт чыкты. Булактар орус учактары жасаган кол салууларда каза болгон же жаралангандардын болуп же болбогондугуна байланыштуу маалымат берген жок.

Халепте оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы аймактарга бир айдан бери фосфор, вакум бомбалары менен кол салган орус учактары шаардын борборунда мектеп, оорукана, жарандык коргонуу борборлору, базар жерлерин бутага алган кол салууларды жасады. Халептин түндүгүндө оппозициячылдардын бир гана чыга турган жери Кастилло жолун бомбалаган орус реактивдери шаардын түштүгүндө Хан Туман аймагынын тегерегиндеги айылдар менен Идлиб аймагында оппозициячылдардын колундагы аймактарга да кол салууда.


 

 



Тектеш кабарлар