АКШда кандуу кол салуу...

Кеминде 50 киши каза болгону билдирилди.

509426
АКШда кандуу кол салуу...

АКШнын Флорида штатындагы Орландо шаарында бир түнкү клубда куралдуу кол салуу болду. Анда кеминде 50 киши каза таап, 53 киши жаракат алды. Туш келди ок аткан жана айрым кишилерди барымтага алган кылмышкердин да өлтүрүлгөнү билдирилди.

Кол салгычтын 29 жаштагы афган тектүү Омар Матеен болгону жарыяланды. Окуя угулган соң аймакка полиция жана тез жардам унаалары өткөрүлдү. Кол салуу убагында түнкү клубда 100дөн ашуун киши болгону белгиленди.


Этикеткалар: #АКШнын , #ок аткан

Тектеш кабарлар