Кытайдагы ит фестивалына каршы үгүттөө

Кампанияда он бир миллион кол чогултулду

508689
Кытайдагы ит  фестивалына каршы үгүттөө

Кытайдын түштүк батышында жыл сайын өткөрүлгөн ит фестивалына тыюу салуу үчүн жалпы дүйнөдө баштатылган үгүттө он бир миллион кол чогултулду. Юлин аймагында 2009 -жылдан бери өткөрүлгөн фестивалда жылдакырк миң иттин эти желет.

Айбанаттарды сүйүүчүлөр бул жылы 21 -июнга пландалган фестивалга тыюу салуу үчүн интернеттен атайын топ түзүштү. Жалпы дүйнөдө башталган кол коюу үгүтүнө миллиондогон киши катышты. Жыйырмадан ашуун активист чогулткан колдорду жетекчилерге тапшырышты.

Айбанттар укугун коргоочулар фестивалга тыюу салынуусун кааласа, фестивалдын улантылуусун жактагандар ит этинин адамдарга пайдалуу экендигин жакташууда.



Тектеш кабарлар