Украина Орусиядан жаратылыш газ албайт

Украина жаратылыш газ фирмасы Нафтогаз Орусия сунуш кылган баадан жаратылыш газ сатып  албайт

508373
Украина Орусиядан жаратылыш газ албайт

Украина жаратылыш газ фирмасы Нафтогаз Орусия сунуш кылган баадан жаратылыш газ сатып  албайт. Нафтогаз иш өнүктүрүү директору Юрий Витренко фейсбук эсебинен берген маалыматта Орусиянын энергетика министрлигинин жаратылыш газ баа сунушу жогору болгондуктан четке кагышкандарын белгиледи. Витренко : «Орусиянын энергетика министрлиги Газпромдун 3 -  чейректе 177 долларга газ сатарын белгиледи. Бул баа  оңдоолор менен 182 – 183  доллар болот. Бул баанын базар баасынан төмөн экендиги айтылууда. Биз ушундай ойлоп жатабыз. Кечээ немис базарында июнь айынын баасы мисалы 173 доллардан төмөн эле. Ошондуктан бул шарттарда Газпромдон жаратылыш газ албайбыз.  Бардык керектүү жаратылыш газды Европа базарынан сатып алабыз»,- деди.

Жуманын ичинде Газпромдун жогорку мартабалуу башкаруучусу Алексей Миллер Нафтогаздын бул жылдын экинчи жарымы жана келерки жылдын биринчи чейрегин камтый тургандай расмий түрдө талабын билдиргенин айткан.



Тектеш кабарлар