Медведевдин "акча калган жок" деген сөзү медиада бат эле жайылды

Дмитрий Медведев : «Бизде акча калган жок»

507634
Медведевдин "акча калган жок"  деген сөзү медиада бат эле жайылды

Орусиянын премьер - министри Дмитрий Медведевдин : «Бизде акча калган жок»,- деген сөзү социалдык медианын күн тартибине кирди. Медведевдин видеосун кыска убакыттын ичинде 3, 5 миллиондон ашуун киши көрдү. Крым сапарында  пенсиядагы бир аял Медведевге  орус өкмөтү тарабынан берилген 8 миң рубль пенсиянын турмуштук станданттардын астында экендигин айтты. Бул боюнча Медведев Орусиянын кассасында акчанын калбагандыгын моюнга алды. YouTubeга салынган видеодо Медведев : «Азыркы учурда эч акча калган жок. Акчаны тапканыбызда оңдоо болот. Сиздер үчүн абдан жакшы тилектеримди билдиргим келет. Жакшы күн өткөрүңүздөр жана саламатта болуңуздар»,- деди. Видеодон кийин Twitterда : “Акчабыз бүттү бирок күчтүү болуңуздар»,- деген сөздөр менен мыскылдаган миңдеген бөлүшүү болду.



Тектеш кабарлар