Португалиядагы ооруканаларда эми даяр продукциялар сатылбайт

Ооруканаларда даяр продукциялардын сатылышына тыюу салынды

506504
Португалиядагы ооруканаларда эми даяр продукциялар сатылбайт

Португалияда мамлекеттик ооруканалар менен медициналык борборлордо даяр азыктардын сатылышына тыюу салынды.

Саламаттык сактоо министрлиги, мамлекеттик ооруканалар менен медициналык борборлордогу кекс, мөмө-жемиш ширеси сыяктуу продукциялар сатылган автоматтык машиналарды алып салуу үчүн 6 айлык мөөнөт берди.

Министрлик ошондой эле суусундуктарда канттын өлчөмү 5 грамдан ашпай турганын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги бул тыюу салуулар менен ашыкча калорияны, туз, шекер жана транс майларды камтыган азыктарга оңой жетүү мүмкүнчүлүгүн алдын алууга аракет кылып жатат.



Тектеш кабарлар