НАТО конкурс уюштуруп жатат

Жеңүүчүлөр Варшавага барат

505570
НАТО конкурс уюштуруп жатат

НАТО интернет чөйрөсүндө конкурс уюштуруп жатат.

Жеңүүчүлөр кийинки айда Польшанын борбору Варшавада өткөрүлө турган НАТОнун саммитине бара алат.

Конкурска катышуу үчүн Facebook же Twitterде кеминде 100 досу болсо жетиштүү.

Катышуучулар Варшава саммитине байланыштуу даярдалган интернет барагына киришет жана белгилерди байкап турушат.

Андан соң суроолорго жооп берген эки катышуучу Варшавага учак билетин утуп алат, ал эми мейманкана жана тамак-аш чыгымдарын НАТО камсыздайт.

Жеңүүчүлөр ушундайча НАТОнун саммитине катышкан лидерлерди жакындан көрө алышат.

Конкурска катышууну каалагандар, суроонун шилтемелерин НАТОнун интернет сайтынан ала алышат.



Тектеш кабарлар