Италияда шайлоо

Италияда шайлоочулар жергиликтүү башкаруучуларды белгилөө үчүн шайлоого барышууда.

504359
Италияда шайлоо

Италияда шайлоочулар 1342 отурукташкан жерде жергиликтүү башкаруучуларды белгилөө үчүн шайлоого барышууда.

Ички иштер министрлигинин рамсий веб барагына караганда арасында Рим, Милан, Наполи, Торино, Бологна жана Триесте сыяктуу чоң шаарлар да орун алган 1342 жергиликтүү жана муниципалитетте добуш берүү укугуна ээ болгон 13 миллион 316 миң 379 шайолоочу добуш берүүсүн баштады. Шайлоочулар өздөрүн 5 жыл бою башкара турган жергиликтүү башкаруучуларды шайлашат.

Добуш берүү процессинин бир гана күн болушу, ошондой эле өлкөдө Республика майрамынын уланып жатышынын себебинен дем алыш күнү эс алууга чыккандар көп болушу, шайлоого катышууну азайта турганы боюнча сереп салынууда.

Шайлоолор өткөрүлө турган жерлерде ат салышкан талапкерлерден эч биринин 50 пайыздан ашуун добушка ээ боло албаган учурунда, аты аталган жерлерде 19-июнда экинчи айлампа шайлоо өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар