ЕККУ Москва башкаруусун Грузиянын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүгө чакырды

Даниэль Байэр Грузиянын эгемендиги, көз карандысыздыгын колдошкондорун айтты

503303
ЕККУ Москва башкаруусун Грузиянын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүгө чакырды

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ Москва башкаруусун  Грузиянын эгемендигине, чек араларынын кол тийбестиги менен жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүгө чакырды.

АКШнын ЕККУдагы туруктуу өкүлү элчи Даниэль Байэр Грузиянын тышкы иштер министри  Михаил Жанелидзе да катышкан ЕККУ жыйынында сөз  сүйлөп, Грузиянын 20 пайызын түзгөн Абхазия менен Түштүк Осетиянын орус аскерлеринин колунда болушун «кабыл алынгыс» деп мүнөздөдү. Байэр аймактагы адамдардын кыймыл эркиндиги менен улуттук жана эл аралык уюмдардын жардамдарына бөгөт болуп жаткандыгын билдирди. Байэр Грузиянын эгемендиги, көз карандысыздыгы менен эл аралык таанылган чектер ичинде жеринин бүтүндүгү менен Евро  - Атлантика мекемелерине интеграциясын колдошкондорун сөздөрүнө  кошту.



Тектеш кабарлар