Иран мененАрмениянын ортосундагы визалар жоюлат

Визалардын жоюлушу менен Иран жана Армениянын ортосунда эки тараптуу карым – катнаштардын өнүктүрүлүшү максат кылынууда

502954
Иран мененАрмениянын ортосундагы визалар жоюлат

Иран менен Армения өкмөттөрүнүн арасында эки өлкөнүн жарандары үчүн визалардын жоюлушуна байланыштуу келишим түзүлдү.

Иран расмий агенттиги ИРНАнын кабарына караганда түзүлгөн келишимдин долбоору Армениянын министрлер кеңеши тарабынан да бекитилип кол коюу баскычына келди.

Ереван жана Тегерандын ортосунда түзүлгөн келишим менен эки өлкөнүн жарандары  өлкөлөр арасында 90 күндүк саякатта виза алышпайт.

Келишимге Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбантяндын жакында Тегеранга жасай турган расмий сапарында кол коюлары белгиленди.

Визалардын жоюлушу менен Иран жана Армениянын ортосунда эки тараптуу карым – катнаштардын өнүктүрүлүшү, башта туризм болуу менен бир бирине карата экономикалык жана соода  байланыштарынын күчтөндүрүлүшү максат кылынууда.



Тектеш кабарлар