АКШ атуулдарын Европага барбоого үндөдү

АКШ, Европа өлкөлөрүнүн ушул жайда террор бутасы болоору менен эскертти.

501700
АКШ атуулдарын Европага барбоого үндөдү

Америка Кошмо Штаттары быйыл жайда Европага жана Европанын ичинде саякат кыла турган атуулдарын террордук кол салуу ыктымалдуулугуна карата эскертти.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, «Европага саякат эскертүүсү» аталышы менен интернет барагына чыккан жазуу түрүндөгү жарыясында, Европанын жалпысында ыктымалдуу террордук кол салууларга карата атуулдарды эскертип, чоң иш-чараларда, ресторандарда, коомдук транспорттордо, соода борборлорунда жана туристтик аянттарда этият болуу керектигин жарыялады.

Бул эскертүүнүн 2016-жылы 31-августта соңуна чыга турганы билдирилген жарыяда, «Европада жай айларында туристтердин баруучу жерлери жана өзгөчө чоң иш-чаралар, террор кол салуусун пландагандардын бутасында болот»,-деп айтылды.

Анда Францияда 10-июнь жана 10-июль күндөрүндө Европа футбол чемпиондугунун уюштуруусу боло турганы эске салынып, мындай түрдөгү уюштуруулардын террордук кол салууну кылууну ойлогондор үчүн «ыктымалдуу бута» болгону билдирилди.

Анда айрыкча Франциянын Европа футбол чемпиондугу жана 26-31-июль күндөрүнүн арасында боло турган «Tour de France» велосипед жарыштарынын себебинен өзгөчө кырдаал абалын 26-июлга чейин узартканы эске салынды.

Польшада болсо 26-31-июль күндөрүндө боло турган «Католик чиркөөсүнүн дүйнөлүк жаштар күнү» себеби менен өлкөгө 2,5 миллион киши келиши белгиленген жарыяда, АКШ атуулдарынын этият болушу керектиги белгиленди.



Тектеш кабарлар