Иракта кол салуу болду

Кол салууда эки киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды

501257
Иракта кол салуу болду

Ирактын Салахаддин облусуна караштуу Сүлейман Бег кыштагында шиит куралдуу күчүнүн текшерүү жерине жасалган жан кечтилик кол салуусунда алгачкы белгилөөлөргө караганда эки киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды. Тузхурмату районунун башкаруучусу Шеллал Абдуллах : «Сүлейман Бег кыштагындагы Керкүк – Багдат жолунда орун алган Хашди Шабиге таандык бир текшерүү жерине бомба жайгаштырылган унаа менен жан кечтилик кол салуу жасалды. Сөз болгон жерде кызмат кылган эки куралчан киши каза болуп, көп сандаган жаралуу бар»,- деди. Жаралуулардын саламаттык сактоо борборлоруна жиберилгени белгиленди. Салахаддин облусуна караштуу Сүлейман Бег кыштагы Тузхурмату районуна  10 километр түштүгүндө жайгашкан.



Тектеш кабарлар