Сауд Арабия Ирандын Жакынкы Чыгыш саясатына каршы
Жубейр, Иранды террорду колдогону менен күнөөлөдү.
Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адил эл-Жубейр, Ирандын Ирактан баштап аймак өлкөлөрүнүн ички иштерине кийлигишпөөсү керектигин баса белгиледи. Жубейр, Иранды террорду колдогону менен күнөөлөдү.
Сауд тышкы иштер министри: «Ирандын кандай болсо дагы Иракта болушу жана шиит согушкерлерин жиберип бул өлкөдө секта максаттуу окутуусу кабыл алынгыс»,-деп айтты.
Ирандыктардын быйыл ажылыкка зыяратка келишине уруксат берилбей турганы жөнүндөгү айтымдарына жооп иретинде Жубейр, эч кимдин ажылык ибадатын орундатуусуна өлкөсүнүн бөгөт болбогонун айтты.
Жубейр, Иран делегациясынын талаптарынын көпчүлүгүнүн камсыздалганына карабастан келишимге кол койбогонун баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.