Бельгияда өкмөткө каршы митинг
Тынчтыкчыл түрдө башталган митингдерге аягында зомбулук аралашты.
Бельгиянын борбор шаары Брюсселде 60 миңдей киши өкмөттүн иш мыйзамы реформасына каршы акция өткөрдү.
Тынчтыкчыл түрдө башталган митингдерге аягында зомбулук аралашты. Полиция менен демонстранттардын ортосунда катуу тирешүү болду.
Ызырынган митингчилер көчөлөрдөгү полиция тосмолорун өрттөдү, көчөлөрдөгү белгилерди сындырды, полицияга фейерверк атып, таш ыргытты.
Полиция жогорку басымдуу суу чачып жооп кайтарды. Айрымдары суу чачылса да качпай туруштук берди. Көп сандаган киши жаракат алды.
Коопсуздук күчтөрү кармап алган айрым митингчилерди сүйрөп барып унаага салышты. Митингчилер өкмөттүн жумушчулардын иштөө убактысын 45 саатка жеткирүүнү да көздөгөн жаңы реформа пландарына каршы чыгууда.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.