АКШ күрттөрдүн автономия алуусуна каршы

Марк Тонер, Түркиянын санааркоолорун түшүнгөндөрүн белгилеп, Сирияда күрттөр үчүн жарым автономиялуу аймак курулуусун колдобогондорун айтты.

496677
АКШ күрттөрдүн автономия алуусуна каршы

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Марк Тонер, Түркиянын санааркоолорун түшүнгөндөрүн белгилеп, Сирияда күрттөр үчүн жарым автономиялуу аймак курулуусун колдобогондорун айтты.

Тонер күнүмдүк маалымат жыйынында АКШнын Борбордук күчтөр командири, генерал Жосеф Вотелдин жуманын акырында Сирияга жасаган сапарына байланыштуу суроолорго жооп берди.

Тонер, Түркия менен жакын кызматташууда экендиктерин белгилеп, «Сириянын түндүгүндөгү күрттөр темасындагы кооптонууларын түшүнөбүз. Күрттөргө автономиялуу аймак түзбөөлөрү темасында так мамилебизди билдирдик»,-деп айтты.

Марк Тонер америкалык жооптуу кызматтагылардын террор уюму ПЙД менен байланыш абалында болууларынын болсо, алардын автономия талаптарына оң карагандары түшүнүгүн бербегенин баса белгиледи.

Тонер: «Бул жолугушуулар күрт күчтөрү менен жакын кызматташтыкта болгонубузду көрсөтөт. Алардын эмнеге мыктаждыгы болгонун, аянтта кандай кыйынчылыктарга туш болгондорун биринчи кишиден билгибиз келет. Ал эми бул жолугушуулар алардын автономия талаптарын колдоо түшүнүгүн бербейт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар