Сирияда Халепке кол салуу жасалды

Кол салууда араларында аялдар менен балдар да болгон 7 киши каза болуп, 32 киши жараланды

495006
Сирияда Халепке кол салуу жасалды

Сирия армиясына таандык тик учар Халептин Анадан району менен Хан Асел аймагына баррель бомбасы менен кол салды. Кол салууда араларында аялдар менен балдар да болгон 7 киши каза болуп, 32 киши жараланды. Көпчүлүгү балдар болгон жаралуулар аймактагы көчүп жүрүүчү ооруканага жаткырылды.

Сирия режимине таандык күчтөр төрт жылдан бери Халепте оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга оболу Скад ракеталары менен андан кийин вакум бомбасы менен кол салды. Армияга таандык аскердик учактар менен тик учарлар акыркы мезгилдерде шаарга вакум жана баррель бомбасы менен кол салууда. Кол салуулардын натыйжасында жолдор колдонулбай турган абалга келди.



Тектеш кабарлар