Литва орус оппозициячылы Калмыкованын кайрылуусун кабыл алды

Калмыковага Москванын каалоосу менен интерполь да изилдөө буйругун чыгарган

494978
Литва орус оппозициячылы Калмыкованын кайрылуусун кабыл алды

Литва өлкөсүндө  полиция издеп жаткан орус оппозициячыл Ирина Калмыкованын саясий качкын катары кайрылуусуна оң жооп берди.

Ички иштер министринин орун басары Элвинас Жанкевижиус Бальтика кабар агенттиги БНСке берген маалыматында Орусияда изилделип жаткан Калмыковага саясий баш калкалоо укугун беришкендерин айтты.  Орус оппозициячыл өлкөсүндө коомдук тартипти бузуу жана көп сандаган мыйзам тышы митингдерди уюштуруу менен күнөөлөнүүдө.

Орусиянын президенти Владимир  Путинге карата сындары менен таанылган Калмыковага Москванын каалоосу менен интерполь да изилдөө буйругун чыгарган.

Украинадагы согушка каршы чыккан Калмыкова Орусия федералдык коопсуздук сервисинин имаратынын алдында украиналык учкуч жана депутат Надежда Савченкону жактаган митинг уюштурган. Калмыкова абакка кирбеш үчүн бул жылдын башында уулу менен бирге Орусиядан кеткен болчу.



Тектеш кабарлар