Египет авиакомпаниясынын учагы асманда жоголду

Ал Egypt Air компаниясынын учагы Парижден 18-майда жергиликтүү убакыт боюнча  саат 23:09 учкан.

493892
Египет авиакомпаниясынын учагы асманда жоголду

Egypt Air авиакомпаниясынын учагын издөө иштери улантылууда.

804 сапар номердүү Париж-Каир каттамын жургузгөн Airbus A320-200 үлгүсүндөгү учагы радардын экранына көрүнбөй калган.

Ал Egypt Air компаниясынын учагы Парижден 18-майда жергиликтүү убакыт боюнча  саат 23:09 учкан.

Учакта 59 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү болгон. Ал Жер Ортолук денизге түшүп кеткендиги болжолдолууда. Аталган учак Египет аба майданына киргенде байлаланыш үзүлгөн. Жоголгон учактын экипажы коркунуч сигналын жиберген эмес.

Египет өкмөтү учакты издөө иштерин баштады. Грециянын флоту учакты издөөгө жардам берээрин билдирди.

 


Этикеткалар: #Египет өкмөтү , #учагы

Тектеш кабарлар