Зеяд Раад ел Хүсейин Европада качкындарга карата каршы чыгууларды сынга алды

«Баш аламан дүйнөдө адам укуктары»

493405
Зеяд Раад ел Хүсейин Европада качкындарга карата каршы чыгууларды сынга алды

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зеяд Раад ел Хүсейин Европада качкындарга карата каршы чыгууларды сынга алды.

Хүсейин Вашингтондогу ой мекемеси Brookings институтунда өткөрүлгөн «Баш аламан дүйнөдө адам укуктары» деген темада сөз сүйлөдү. Хүсейин Сирия сыяктуу өлкөлөрдө жарандык согуштан улам Европага барган качкындар тууралуу берилген суроо бонча абалга «качкындар киризис» деп баа берилбеши керектигин белгиледи.

Жогорку комиссар Хүсейин : «Бул Европа кризиси. Бул бир адам катары ойлонуудан алыс болгон кризис»,- деди. Көчмөн кризисинен улам Европада пайда болгон өзгөчө ашыкча оңчулдардан келген каршы чыгууларды сынга алган Зеяд Раад ел Хүсейин Австрияда президенттик шайлоодо Эркиндик партиясынын талапкери Норберт Хофердин качкындардан коргонуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонуусун жана шайлоо кампаниясында жанында курал алып жүрүүсүн буга мисал катары көрсөттү.



Тектеш кабарлар