Киттер жээкке чыгып калды
27 киттен үчү гана куткарылды
491776
Мексиканын Баха Калифорния жарым аралында жээкке чыгып калган 27 киттен 24ү өлүп калды.
Маалыматтарга караганда үч кит гана куткарылды.
Билдирүүдө жээкке чыгып калган киттердин жолунан адашышы мүмкүн экени, өлүп калган 24 китте кандайдыр бир жаралануунун издери жок экени баяндандалды.
Узундугу болжол менен 5 метр болгон коюу түстүү киттер айрым учурларда жээкке чыгып калышат.
Бирок бул жандуулардын эмне себептен ушундай кылгандары азырынча илимий жактан аныктала элек.
Тектеш кабарлар
Россия Харьковду атты
Орус күчтөрүнүн Украинанын Харьков шаарына кол салуусунда 3 киши каза болуп, 28 киши жараланды.