БУУда терроризм жана террордук пропаганда менен күрөшүү талкууланды

БУУнун Коопсуздук кеңеши террор үгүттөөлөрүнө каршы колдонула турган аргументтер үчүн план белгиленишине чечим чыгарды.

489677
БУУда терроризм жана террордук пропаганда менен күрөшүү талкууланды

БУУнун Коопсуздук кеңеши терроризм жана террордук пропаганда менен күрөшүү темасын сүйлөшүү жагдайын карап чыгып, террор үгүттөөлөрүнө каршы колдонула турган аргументтер үчүн план белгиленишине чечим чыгарды.

Египеттин тышкы иштер министри Семих Шүкрүнүн жетекчилигинде чогулган жыйналышта мурдатан мүчөлөргө таркатылган маалыматтандыруу декларациясы бардык мүчөлөрдүн бекитүүсү менен кабыл алынды.

Анда ДЕАШ жана ага окшогон террор уюмдарынын диний тексттерди жана ишеничтерди бурмалап, зомбулукту мактаган үгүттөөлөрдү түзүп адам ресурсун жана финансылык колдоо тапканы, дагы көп кишини радикалдаштырып соккуга багытталганы баса белгиленди.

Террор уюмдарынын интернет, социалдык медиа жана байланыш тенхнологияларын идеологияларын жайыш үчүн колдонгондугу белгиленген декларацияда, бул таасирдин азайтылышы үчүн каршы күрөшүүнүн башталышы жана ошол эле органдарда бул уюмдарга каршы күрөш жүргүзүлүшү талап кылынды.

Декларацияда ушул максат менен БУУнун коопсуздук кеңешинин террор менен күрөшүү комитетинен бул темада 2017-жылы 30-апрелге чейин эл аралык укукка шайкеш «кеңири масштабдуу эл аралык план» даярдап БУУнун коопсуздук кеңешине сунушташы талап кылынды.



Тектеш кабарлар