10 финалист аныкталды

«Евровидение-2016» ыр сынагынын экинчи жарым финалы 12-майда, ал эми финал болсо 14-майда өткөрүлөт

488751
10 финалист аныкталды

Швециянын борбору Стокгольмдо өткөрүлгөн 61-Евровидение ыр сынагынын биринчи жарым финалында 10 финалист белгилүү болду.

Глобен Аренада өткөрүлгөн биринчи жарым финал, «Евровидение- 2015» ыр сынагын жеңип алган Швециянын өкүлү Монс Зелмерлёвдун «Heroes» аттуу ырын аткарылышы менен ачылды.

Биринчи жарым финалга катышкан 18 өлкөнүн өкүлдөрү өз ырларын тартуулагандан кийин өткөрүлгөн добуш берүүдө, Азербайжан, Орусия, Нидерландия, Венгрия, Хорватия, Австрия, Армения, Чех Республикасы, Түштүк Кипрдин Рум бөлүгү жана Мальта экинчи жарым финалга чыкты.

Сан-Марино, Босния-Герцеговина, Молдова, Финляндия, Греция, Эстония, Ирландия жана Черногория болсо сынактан өтпөй калган өлкөлөр болду.

«Евровидение-2016» ыр сынагынын экинчи жарым финалы 12-майда, ал эми финал болсо 14-майда болот.

Германия, Франция, Англия, Испания жана Италия тандоо турларына катышпастан түздөн-түз финалда жарышат.



Тектеш кабарлар