Лондон мэри бир түрк

Англиянын борбор шаары Лондондо болгон муниципалдык  шайлоодо Жумушчу партиясынын талапкери Садык Кан жеңишке жетишти

485967
Лондон мэри  бир түрк

Англиянын борбор шаары Лондондо болгон муниципалдык  шайлоодо Жумушчу партиясынын талапкери Садык Кан жеңишке жетишти. Кан Лондондун биринчи мусулман мэри болду.

Борбор шаар Лондондо эки мезгилден бери Борис Жонсон башкарган мэрдикке келе турган жаңы ысымды белгилөө үчүн бейшемби күнү шайлоо болду. Садык Кан менен бийликтеги консерватор партиянын талапкери Заж Голдсмиттин арасында болгон жарышта Садык Кан бир миллион үч жүз он миң жүз кырк үч шайлоочунун добушун алды. Атаандашы Голдсмит болсо тогуз жүз токсон төрт миң алты жүз он төрт добуш алды. Кан лондондуктарга турак жай, жумуш жана таза аба убадасын берди. Канды социалдык медиа аркылуу Жумушчу партиясынын лидери Жереми Корбин куттуктады.

 

 



Тектеш кабарлар