Норвегияда тик учар кырсыкка учурады

Тик учардагы 13 кишиден кутулган болгон жок

481196
Норвегияда тик учар кырсыкка учурады

Норвегиянын батышындагы Берген шаарында ичинде 13 киши болгон бир тик учар кырысыкка учурады.  Тик учар аскалуу арал болгон Туроейде деңизге түштү. Кырысыкка учураган тик учардан кутулгандар болгон жок. Кырсыкта 11 кишинин сөөгү дароо табылды, жоголгон эки кишинин сөөгү кийинчерээк табылды.

Көргөн күбөлөр аймактан жарылуу үнүн угушкандарын жана тик учардын урандыларынын деңиздин үстүнөн көрүлгөнүн белгилешти.  Кырсыктан кийин топтор аймакта бир канча убакыт далил топтошту. Тик учардын эмне себептен кырсыкка учуруганы бул далилдер изилденгенден кийин такталат.

Тик учардын Түндүк деңизиндеги бир нефть комплексинен кайтып жатканда кырсыкка учураганы билдирилди.



Тектеш кабарлар