«Восточный» космодромунан алгачкы ракета учурулду

Ракета 3 спутникти космоско алып барды.

479999
«Восточный» космодромунан алгачкы ракета учурулду

Орусиянын түштүк-чыгыш аймагы Амурда жаңы курулган «Восточный» космодромунан алгачкы ракета учурулду.

Ракета 3 спутникти космоско алып барды.

Спутниктер жер шарынын атмосферасындагы айрым чагылууларга, атмосферадагы нурлануу касиеттерине байкоо салуу жана жер жүзүн көрсөтүү үчүн колдонулат.

«Восточный» космодрому Орусиянын биринчи көз карандысыз жарандык космодрому болмокчу.

Жылына 10 ракетага чейин учурула турган космодромдон алгачкы астронавт жана космонавттардын 2023-жылы космоско жөнөтүлүшү пландаштырылып жатат.

«Восточный» космодромунан биринчи ракета 27-апрель шаршемби күнү учмак. Бирок учурууга бир канча мөөнөт калганда техникалык бузулуунун себебинен 24 саат кармалып калды.



Тектеш кабарлар