Швецияда террор дүрбөлөңү

Ирактан 7-8 ДЕАШтык террорист жарандар турган жайларга кол салыш үчүн Швецияга кирген.

479200
Швецияда террор дүрбөлөңү

Швецияда террор уюму ДЕАШтын Стокгольмдо кол салууга даярданганы жөнүндөгү кабарлар боюнча коопсуздук чараларын арттырды.

Швеция басма сөзүндө орун алган айтымдарга караганда Ирактан 7-8 ДЕАШтык террорист жарандар турган жайларга кол салыш үчүн Швецияга кирген.

Чалгындоо булагы катары Ирак көрсөтүлдү, андан башка кеңири маалымат берилген жок. Жооптуу кызматтагылар кабарларга кандайдыр бир сереп салышкан жок.

Ал эми Стокгольмдо 5тен 3 болгон тревога деңгээлинде өзгөртүү жасалган жок. Коопсуздук санааркоолорунун себебинен Норвегия королдук үй-бүлөсүнүн, Швеция королунун 70 жылдыгын белгилөө мааракелерине катышуу үчүн жуманын акырында Стокгольмго баруу пландарын кайра карап жаткандары билдирилди.



Тектеш кабарлар