Түндүк Корея дагы бир ракетасын сынады...

Түндүк Корея бул ирет деңиздин астынан учурулган ракетасын сынады.

476964
Түндүк Корея дагы бир ракетасын сынады...

Акыркы мезгилдегы ракета сыноолору менен чыңалууну күчөткөн Түндүк Корея, бул ирет деңиздин астынан учурулган ракетасын сынады.

Сыноонун ийгиликтүү өткөнүн белгилеген түндүк кореялык жооптуу кызматтагылар, атомдук кол салуу өлчөмдөрүнүн дагы да артканын айтты.

Түштүк Корея, жаңы сыноо ыктымалдуулугуна каршы даярдыкка өтүп жатканда, дүйнөдөгү бир топ өлкө да Түндүк Кореянын ракета сыноосуна каршылык көрсөттү.

АКШ бул сыноонун БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомдорун бузуу түшүнүгүн бергенин баса белгиледи.

Франция, Түндүк Кореяга кошумча санкциялар киргизилиши үчүн Европа Биримдигине чакырык салды.

Түндүк Корея болсо санкциялар алардын көздөрүн коркута албай турганын жана атомдук ракета сыноолорун уланата тургандарын жарыялады.



Тектеш кабарлар