Париж Климаттык келишимине кол коюлду

Париж Климаттык келишимине БУУнун Нью – Йорктогу борборунда өткөрүлгөн азем менен коюлду

476664
Париж Климаттык келишимине кол коюлду
Париж Климаттык келишимине БУУнун Нью – Йорктогу борборунда өткөрүлгөн азем менен коюлду. Франциянын борбор шаары Парижде 196 өлкө келишкен келишимге биринчи күнү 175 өлкө кол койду. Аземге БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун жана Франциянын президенти Франсуа Олланд да катышты. Бул күндүн тарыхый күн экендигин айткан Олланд бардык өлкө лидерлерине менчик сектор жана жарандык коом уюмдарынын катышуусунан улам рахмат айтты. Франсуа Олланд бардык өлкөлөрдү эч бир кечигүү болбостон келишимден кийинки кадамдарын таштоого чакырды. Келишимге Түркиянын атынан экология жана шаарчылык министри Фатма Гүлдемет Сары кол койду. Фатма Гүлдемет сары Түркиянын келечектеги муундар үчүн өз жоопкерчилигин орундатары тууралуу убада бергенин айтты.


Тектеш кабарлар