Вашингтондо түрктөр армян митингдерине каршы нөөмөткө тура башташты

Жүрүшкө АКШнын бир топ жеринен миңдеген кишинин катышуусу күтүлүүдө

473751
Вашингтондо түрктөр армян митингдерине каршы нөөмөткө тура башташты

АКШдагы түрктөр армяндардын 1915 - жылдагы окуяларды шылтоолоп Түркиянын Вашингтон элчилигинин алдында митинг өткөрүү ыктымалына каршы нөөмөткө тура башташты. Элчиликтин алдында чатыр курган түрктөр тегеркке түрк желектерин илишти. Ар башка аймактардан келген ондогон түрктүн түндү өткөрүү үчүн чогулган чатырда Анадолу агенттигинин кабарчысына маалымат берген Орхан Ватансевер : «Колубуздан келишинче бир себеп менен элчилигибиздин алдында митинг өткөрүүлөрүнө уруксат бербейбиз. Алдындагы тратуарды жаап алардын бул тарапка келишине жол бербейбиз»,- деди.

АКШда жашаган түрктөр 24 - апрель күнү да Ак үйдүн алдында чогулуп, 1915 – жылдагы окуялар тууралуу армян ойлоруна каршы Түркиянын Вашингтон элчилигинин алдында жүрүүнү пландап жатат. Жүрүшкө АКШнын бир топ жеринен миңдеген кишинин катышуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар