Жер титирөө Эквадор жана Японияны кыйратып кетти

Эквадордо болгон 7,8 баллдык жер титирөөдө эң аз 272 киши каза болду, ал эми Япониядагы жер титирөөдө 42 киши каза тапты.

473020
Жер титирөө Эквадор жана Японияны кыйратып кетти

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо болгон 7,8 баллдык жер титирөөдө эң аз 272 киши каза болду, 2 миң 500дөн ашуун киши жараланды.

Американын геологиялык изилдөөлөр борборунун жарыясына караганда, эпицентри борбор шаар Китонун 170 чакырым түндүк батышында болгон жер термелүүсү 40 секундга созулду.

Жер титирөөдөн кийин өлкөсүнө кайтыш үчүн Италия сапарын жарым калтырган мамлекет башчы Рафаэль Висенте Корреа Дельгадо, твиттердеги эсебинде урандылардын астындагыларды чыгарыш үчүн издөө куткаруу иштери уланып жатканын жазды.

Издөө куткаруу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн 10 миңден ашуун аскердин кызматка коюлганын белгилеген Глас, жер титирөөнүн эпицентрине жакын жердеги шаарларда да 4600 полиция кызматка коюлганын белгиледи.

Түркия, Эквадорго жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Жер титирөөнүн себебинен болгон өлүмдөрдөн улам дос Эквадор өкмөтү жана калкынын кайраттуу болушун тилейбиз. Бул апааттын ордунун толтурулушу жана жапа чеккендердин муктаждыктарынын камсыздалышы үчүн өлкөбүз Эквадорго ар түрдүү колдоону көрсөтүүгө даяр»,делди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган да Эквадордо болгон жер титирөөдө каза болгондордун себебинен Эквадордун мамлекет башчысы Кореа Дельгадого көңүл айтуу телеграфын жөнөттү.

Анда жер титирөөдөн терең кайгыга батканын сөз кылган Эрдоган: «Өткөндө ушундай кайгыларды башынан өткөргөн өлкө катары, Эквадор мамлекети жана калкынын кайгысын чын жүрөктөн тең бөлүшкөнүн жана бул апааттан кийин калыбына келүү үчүн ар түрдүү жардамды берүүгө даяр экенибизди, кошумчалагым келет»,-деди.

Жер титирөөдөн кийин 135тен ашуун кайталанган термелүүлөр болгон өлкөдө эл, түндү көчөдө өткөрдү.

Педерналес жана Портовиежодо талаа ооруканалары курулду. Жер титирөөдөн жапа чеккендерге тамак аш жана төшөк таркатылды.

Жер титирөөнүн себебинен Гуаякиль шаарында соода борборунун чатыры кулап түшсө, Мантадагы аэропорттун текшерүүчү мунарасы кулады.

Коңшу өлкөлөр Перу жана Колумбияда да сезилген жер титирөөдө көп сандаган үй жашалгыс абалга айланды.

Жер титирөөдөн кийин тынч океанга жээктеш өлкөлөрдө цунами эскертүүсү кылынды.

Жерт титирөөнүн эпицентрине жакын жердеги мунай зат тазалоочу чоң ишкана убактылуу токтотулду.

Бул жер титирөөнүн 1979-жылдан берки эң күчтүү термелүү болгону катталды.

Бейшемби жана Ишемби күндөрү 2 чоң жер титирөө менен чайпалган Японияда убакыт менен жарышылууда.

6,5 жана 7,3 баллдык жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 42ге жетти.

Ондогон кишинин дагы эле урандынын астында болгону кооптондурууда.

Издөө куткаруу иштери уланууда.

Жер титирөө болгон башка бир өлкө Тонга.

6,1 баллдык жер тиртирөөдө жан жана мүлік зыянга учураган жок.



Тектеш кабарлар