Йемен менен Сауд Аравияда сел жүрдү

Төрт жүз киши БУУнун Качкындар Жогорку Комиссарлыгы тарабынан берилген чатырларга кирип, ондогон гектардык дыйканчылык аянт да суу астында калды

471695
Йемен менен Сауд Аравияда сел жүрдү

Йемен жана Сауд Аравияда катуу жамгыр жаашы жол ачкан селде 35 киши каза болду. Йеменде шаршемби күндөн бери катуу жааган жамгыр Хажженин Шерес районунда 14 кишинин каза болушуна, 3 кишинин да дайынсыз жоголуусуна жол ачты. Селде бир саламаттык сактоо борбору менен сегиз үй толугу менен куласа жүз үй жарым жартылай кулаган. Хажжанын түштүгүндөгү бир суу сактагыч чөгүп, дыйканчылык аянттарын суу каптап көпүрөлөр кулады.

Амран облусунда да катуу жааган жамгырдын айынан үч киши каза болду.

Төрт жүз киши БУУнун Качкындар Жогорку Комиссарлыгы тарабынан берилген чатырларга кирип, ондогон гектардык дыйканчылык аянт да суу астында калды.

Сауд Аравияда болсо эки жумадан бери жаап жаткан жамгырдан улам чыккан селде он сегиз киши каза болду. Келерки жумада да жаашы күтүлүп жаткан жамгырга карата жарандар эскертилди.



Тектеш кабарлар