Европада мекендештер террорго каршы жүрүш уюштурушту

Европадагы түрктөр, мекенинин кайгысын бөлүшүү жана биримдик билдирүүсүн бериш үчүн чогулуп жүрүш өткөрүштү.

468614
Европада мекендештер террорго каршы жүрүш уюштурушту

Европадагы түрктөр, мекенинин кайгысын бөлүшүү жана биримдик билдирүүсүн бериш үчүн жолугушту.

Бельгияда жашаган мекендештер, «Террордун дини, улуту болбойт!» деген ураан менен Гент шаарында көчөлөргө чыгышты.

Түрк мааласында чогулган мекендештер шаардын борборун көздөй басышты.

Түрк желектери жана ураандар жазылган плакаттар ташылган жүрүштө тыгыз коопсуздук көңүлдөрдү бурду.

Германиянын 7 башка шаарында да «Террорго каршы биримдик» жүрүштөрү уюштурулду.

Көльн шаарында, башка бир жерде чогулган террор уюмунун жандоочторунун провакациялык киришүүлөрүнө каршы немис полициясы ортого түшүп эки топтун бири-бирине жакындоосуна уруксат берген жок.

Митиннгчилер жана чагымчылардан айрымдары кармалып кетти.

Басма сөз маалыматынын окулушунан кийин полициялар тараптардын таркашын талап кылды.

Террор уюмунун жактоочулары, террорго каршы жүрүшкө чыккандардын поезд станциясына кирүүсүнө тоскоол болоордо полиция кийлигишип жөнгө салды. Кыска мөөнөттүү чыңалуудан кийин эки жак тең тарап кетишти.

Германияда Кельндан тышкары Штутгарт, Гамбург, Нюрнберг, Мюнхен, Франкфурт жана Ганновер шаарларында террорго каршы жүрүштөр өткөрүлдү.

Франциядагы түрктөр да Монпелье шаарында «Террорго каршы» кыймыл уюштурду.

Анда аймактагы башка шаарлардан да келген жүздөгөн түрк катышты.



Тектеш кабарлар