Йеменде сүйлөшүүлөр
Йемендин мамлекет башчысы Абдураббу Мансур Хади Кувейтте өткөрүлүшү пландалып жаткан сүйлөшүүлөргө катышат
468085
- Йемендин мамлекет башчысы Абдураббу Мансур Хади өкмөт делегациясынын 18- апрелде Кувейтте өткөрүлүшү пландалып жаткан сүйлөшүүлөргө тынчтыктын түзүлүшү үчүн катышат.
- Йемен кабар агенттиги САБАнын билдиргенине караганда Йемендин президенти Хади орун басары Мухсин ел - Ахмар жана премьер – министр Ахмед бин Дагрдын да катышуусу менен Сауд Аравиянын борбор шаары Риядда өкмөт делегациясы менен жолугушуу өткөргөн.
- Йемендин мамлекет башчысы Хади жолугушууда : «Өлкөдө тынчтыктын түзүлүшү, хусилердин куралдарын таштоосу, саясий процесстин кайрадан башталышы жана улуттук диалог сүйлөшүүлөрүндө чыгарылган жана калкыбыз да жактырган чечимдердин ишке ашуусу үчүн сүйлөшүүлөргө катышабыз»,- деди.