Үч өлкөнүн Түндүк Кореяга каршы чечими

Үч лидер Түндүк Кореянын коркутууларына каршы жаңы чараларды көрүү боюнча макулдашты.

462600
Үч өлкөнүн Түндүк Кореяга каршы чечими

АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын лидерлери Түндүк Кореянын ядролук чагымчылдыгына каршы биргелеше кыймыл кылууну чечти.

Вашингтондо атомдук коопсуздук саммитине катышкан 3 лидер Түндүк Кореянын коркутууларына каршы жаңы чараларды көрүү боюнча макулдашты.

АКШнын президенти Барак Обама Вашингтондо Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе жана Япониянын премьер-министри Цинзо Абе менен жолугушту.

Обама жыйындан кийинки билдирүүсүндө: «Түндүк Кореянын чагымчылдыгына каршы аракеттерибизди бириктирип, чогуу кыймыл кылабыз»,-деди.

Тараптар Түндүк Кореяга каршы кандай чаралар көрүлсө боло турганы темасында иш алпаруу тобун түзүүнү чечти.

Бул учурда Обама Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Си Цзиньпин Түндүк Кореянын ракета сыноолоруна каршы экенин билдирсе, Пхеньян режимине каршы жаңы санкция сунуштарына жылуу караган жок.



Тектеш кабарлар