Японияда жер титирөө

Япониянын Миэ аймагына жакын жерде рихтер өлчөгүчү боюнча 6, 1 баллдык жер титирөө болду

462748
Японияда жер титирөө

Япониянын Миэ аймагына жакын жерде рихтер өлчөгүчү боюнча 6, 1 баллдык жер титирөө болду.

Киодо агенттигинин кабарына караганда жер титирөөдө жан жана мал жоготуу болгон жок. Жер титирөөдөн кийин цунами эскертүүсү берилген жок, аймактагы поезд каттамдарынын убактылуу түрдө токтотулганы белгиленди.

Жер титирөө жана вулкандык аймакта орун алган Японияда 2011- жылы 11 - мартта эң чоң жер титирөө болгон.

9 баллдык жер титирөө жана андан кийинки цунами 19 миң кишинин каза болушуна, миңдеген кишинин жаралануусуна жана өлкөнүн Түндүк Чыгыш жээктеринде абдан чоң чыгымга жол ачкан.

Жер титирөө жана цунами Фукусима атомдук станциясында радиоактивдердин чыгуусуна жол ачып Черноблдан 25 жылдан кийн дүйнөнүн эң чоң экинчи атомдук апаатына себеп болгон.

Үч реактордун эрүүсү менен чыккан радиациядан кийин аймакта жашаган 160 миң киши аймактан чыгарылган.



Тектеш кабарлар