Иранда жер термелүү болду
Жер титирөөнүн жердин 6 километр тереңдигинде болгонун билдирди
462274
Ирандын түштүк – батышындагы Чахармахал – Бахтияри аймагына караштуу Наган шаарында рихтер өлчөгүчү боюнча 5 баллдык жер титирөө болду. Тегеран университетинин геофизика институтунун сейсмология борбору жергиликтүү саат боюнча 11:45те болгон жер титирөөнүн жердин 6 километр тереңдигинде болгонун билдирди.
Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсү IRINNге маалымат берген Наган башкаруучусу Али Ибрахими : “Азыркы учурда бизге келген маалыматтарга караганда жер титирөөдө жан жоготуу болгон жок. Бирок термелүү кээ бир аянттарда матераилдык чыгымга жол ачты»,- деди.