Иранда тик учар кырсыкка учурады
Шираз шаарынын жакындарында тез жардам тик учары кырсыкка учурап, 10 киши каза болду
458771
- Ирандын Шираз шаарынын жакындарында тез жардам тик учары кырсыкка учурап, 10 киши каза болду. Хонж районунан Ширазга 3 жаралууну ташыган фарс аймагынын чукул жардам директорлугуна караштуу тез жардам тик учарында 6 экипаж жана 1 тез жардам кызматкери болгон. Тик учардын кырсыкка учуроо себеби иликтенүүдө.
- Иран расмий кабар агенттиги ИРНА аймакта борошо жана катуу жамгыр жаашынын таасирдүү болгонун жарыялады.