Жон Керри президент В. Путин жана кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту

Жолугушуунун алдыңкылык берилген күн тарип маселеси Сирияда болгон жарандык согуш

458151
Жон Керри президент В. Путин жана кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту

АКШ жана Орусия Асад режими менен оппозициянын ортосунда «туткундарды алмаштыруунун» башталышы жана жаңы конституция долбоорунун август айына чейин даярдалуусу тууралуу келишти.

Акыркы алты айда Орусияга үчүнчү жолу сапар менен барган АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри президент В. Путин жана кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту.

Жолугушуунун алдыңкылык берилген күн тарип маселеси Сирияда болгон жарандык согуш. Жолугушуулардан кийин маалымат берген АКШнын мамлекеттик катчысы Орусия менен : «Сириядагы саясий өткөөл процесстин алкагынын түзүлүшү графигин сүйлөшкөндөрүн, саясий өткөөл процесс үчүн базистин жана жаңы конституция долбоорунун август айында даярдалуусу тууралуу келишкендерин» белгилеп, өлкөсүнүн Сирияда тынчтыктын түзүлүшү үчүн Башар Асаддын туура чечим чыгаруусун суранганын белгиледи.

Ошол эле учурда Асад режими менен оппозициячылдардын ортосунда Женевада жүргүзүлгөн кыйыр түрдөгү тынчтык сүйлөшүүлөрдүн биринчи туру аяктады.

Экинчи турдагы сүйлөшүүлөрдүн 9 - апрелде башталышы күтүлүүдө. Бир тараптан Керринин Орусия сапарында Украина кризиси да күн тартибинен орун алды.

Жон Керри Сергей Лавров менен өткөргөн биргелешкен пресс жыйынында Украинадагы кризистин чечилүүсүнө байланыштуу чараларды камтыган Минск -2 келишиминин ишке ашуусу менен өлкөсүнүн Орусияга жасалган санкцияларды токтотууга даяр экенин айтты.

Путин менен Орусияда 22 жыл абак жазасына тартылган украиналык депутат жана учкуч Надежда Савченконун абалын да карап чыгышкандарын белгилеген Жон Керри Путиндин Савченконун абалынын белгилүү бир убакта жыйынтыкталарын билдирди.



Тектеш кабарлар